• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Сутка ичинде республиканын аймагында 2 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 2 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин районунда жыгач устундуу шифер жабылган кампанын 1 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй районунда Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 61-чакырымында ачык аянтта 5 гектар куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий