• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Суу шалаакылыкты кечирбейт! ӨКМ коопсуздук эрежелерин эскертти

Коом 0


Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо керектигин эскертип, жарандарды этият болууга чакырды.

Министрлик төмөнкү эрежелерди сактоону сунуштайт:

  • Көлмө, жасалма көлмө, канал, дарыя сыяктуу сууга түшүүгө жана массалык эс алууга ылайыкташтырылбаган жайларда сууга түшүүгө болбойт;
  • Спирт ичимдиктерин ичүүгө жана сууга мас абалында түшүүгө болбойт;
  • Сууга чумкуганга, секиргенге тыюу салынат деген жазуулары бар суу объекттрине сууга түшүүгө болбойт.
  • Бассейин, дарыя, канал, көлмөлөрдүн жанында балдарды кароосуз калтырбагыла.
  • Саздак, баткак жана балырлуу жерлерде сууга түшүүгө болбойт.
  • Скутерлерге, парустуу, моторлуу кайыктарга, сууда көңүл ачуучу техникаларга сузүп барууга тыюу салынат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен белгилешкендей, суу шалаакылыкты кечирбейт.

Пикир

Оставить комментарий