Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Демилгелүү топ министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго дыйкандар үчүн сугат суунун тартыштыгына байланыштуу кайрылуу жасашты. Анда көйгөйдү чечүүнүн жолдору сунушталган.
Сугат маселелерин чечүүгө багытталган демилгелүү топ 2018-жылы түзүлгөн. Анын катарына дыйкандардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жана жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрү кирет.
Кайрылууда мындай деп айтылат:
«Суу пайдалануучу дыйкандар үчүн сугат суунун жетишсиздиги түшүмдүүлүктүн коромжуга учурашына алып келүүдө, кыска мөөнөттө жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө түздөн-түз таасирин тийгизип, узак мөөнөттүү келечекте азык-түлүк кризисине алып келүү коркунучун түзөт. Тилекке каршы, сугат суусунун жетишсиздиги жылдан жылга кайталанган көйгөйгө айланды. Бул маселени чечүүдө көңүлдү сугат суунун жетишсиздигинин негизги себептерине буруу керек. Ал дайым эле суунун азайуусунда гана эмес. Ирригациялык инфраструктура жана сугат сууну башкаруу системасы дыйкандарды сугат суу менен толук камсыз кылуу практикасына жана талаптарына шайкеш келиши үчүн кылдат изилдөөнү талап кылат.
Демилгелүү Топ 2018-жылдан бери сугат суусунун тартыштыгын кеңири изилдеп, бир топ ийгиликтерге жетишти. Бүгүнкү күндө Демилгелүү топ "Ички чарбалык ирригациялык тутумдарды башкаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны илгерилетүүгө бардык аракеттерин багыттоодо. Бул мыйзам долбоорунун максаты – суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жоопкерчилик зонасында ички чарбалык ирригациялык тутумдардагы ирригация чөйрөсүндө экономикалык туруктуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Учурдагы мыйзамдарга ылайык, суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА) дыйканга сугат суусун жеткирип берүү милдетин аткарат. Республикада түзүлгөн жалпысынан 496 СПА айылдыктарды сугат суу менен камсыз кылышы керек, бул өлкө калкынын 60% га жакынын жана 700 миң га жакын сугат жерин (70%) түзөт. Иш жүзүндө суунун жоктугуна нааразы болгон дыйкандардын айыл өкмөттөрүнө арызданып жатышканын көрүп жатабыз.
Сугат сууларынын көпчүлүгү СПАнын балансында турган ички чарбалык ирригациялык каналдардын абалынын начардыгынан жоготууга учурайт. Ички каналдарды калыбына келтирүү үчүн жеңилдетилген насыяларды алган 130дан ашуун СПАлар төлөөнү камсыз кыла алышпайт – насыяларды төлөө орто эсеп менен болгону 17% ды түзөт. СПАнын жооптуу аймактарындагы каналдардын жалпы узундугу болжол менен 20 миң километрди түзөт.
Демилгелүү топ тарабынан сунушталган мыйзам долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сугат суу менен камсыздоону жана ички чарбалык ирригациялык инфраструктураны мыйзамга ылайык башкарууга мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган. Учурда мыйзам долбоору өкмөттө талкууланып жатат.
Бул мыйзам долбоору жөнүндө кененирээк маалыматты бул шилтемеден табууга болот.
Демилгелүү топ аталган мыйзам долбоорунун кабыл алынышы дыйкандарды сугат суу менен натыйжалуу камсыз кылууга оң таасирин тийгизет деп эсептейт. Бул мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дыйкандарга суу жеткирүүгө катышуу укугун мыйзамдаштырат».
Пикир
Оставить комментарий