• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Сууга чөккөн 2 адамдын денелери изделүүдө, анын бирөө I тайпадагы майып

Кырсык 0

Бишкек, 21.08.17 / Кабар/. ӨКМ куткаруучулары Жалал-Абад облусунда сууга чөгүп кеткен эки адамдын жансыз денесин издөөдө. Маалыматка ылайык, алардын бирөө I тайпадагы майып.

20-августта Чаткал районундагы Баш-Арал корук жайынын жумушчусун Испаран дарыясынын агымы агызып кеткен. Маалыматта айтылгандай, 62 жаштагы киши болжол менен саат 12:13 чамасында коруктун аймагындагы ийри-буйру жолдон 12 жылкы менен өтүп бара жаткан. Этиятсыздыктын натыйжасында, ал дарыяга кулап, суунун агымы агызып кеткен.

Куткаруучулар окуя болгон жерге барып, издөө иштерине киришишкен. Бирок, натыйжа болгон жок. ӨКМден билдиришкендей, издөө иштери бүгүн уланат.

Куткаруучулар ошондой эле, Аксы районунда 1-тайпадагы майып кишинин жансыз денесин издөө иштерин жүргүзүшүүдө. ӨКМдин маалыматына ылайык, 4-июлда болжол менен саат 16:00 чамасында 33 жаштагы эркек киши Кара-Суу дарыясына кулап кеткен. Алгач сөөгүн жакын туугандары издеп, натыйжа болгон эмес. 20-августта гана маркумдун туугандары ӨКМге жардам сурап кайрылышкан.

Пикир

Оставить комментарий