• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

ӨКМ: Сууга чөккөн эки наристени издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Сууга чөккөн эки наристени издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-июлда Аламүдүн капчыгайындагы эс алуу жайында С. кызы К. аттуу 1 жашар кыз Аламүдүн суусуна түшүп кеткен.

Кечээ, 23-июлда кызды издөө иштерин улантуу максатында 20 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Бүгүн, 24-июлда издөө-иштери улантылат.

Ошондой эле 19-июлда Москва районунун Кош-Дөбө айылында Чоң Чүй каналына 7 жашар К.А. аттуу бала түшүп кеткен.

23-июлда издөө иштерин улантуу максатында 5 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Бүгүн, 24-июлда издөө-иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий