• 87
  • 90.41
  • 0.84

Сузак милициясына жаңы көчмө кабылдама унаасы тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-апрелде Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан “Газ Соболь” үлгүсүндөгү автоунаа берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мобилдүү унаалардын ишмердүүлүгүн колдоо боюнча ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдама унааларынын ишин координациялоо бөлүмүнүн башчысы Таалай Алижанов, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров, Сузак РИИБдин жетекчилиги жана өздүк курамы, райондук мекеме-ишканалардын башчылары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө бул унаа район тургундарынын көйгөйлүү маселелерин жеринде чечүү үчүн берилип жаткандыгы, кылмыштуулуктун жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алууда кызмат кыла тургандыгы белгиленди. Калктын милиция болгон ишенимин жогорулатууда, четки айылдарга чейин барып профилактикалык иштерди жүргүзүүдө көчмө кабылдама унаанын салымы чоң экендиги айтылды.

Өз кезегинде, Сузак РИИБдин башчысы Замирбек Ормонов колдоо көрсөткөндөрдүн бардыгына терең ыраазычылык билдирип, калкка сервистик тейлөө көрсөтүүдө талыкпай эмгектене тургандыктарын белгиледи.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун аймагында 11 милициянын көчмө кабылдама унаасы ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий