Сузак районунда айыл өкмөттүн күйүп кеткен имараты калыбына келтирилди — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Сузак айыл өкмөтүнүн күйүп кеткен имараты толугу менен кайрадан калыбына келтирилди.

Дээрлик үч жылдай убакыт оңдолбой турган имараттын ачылышы бүгүн болуп, ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Белгилей кетсек, Сузак айыл өкмөтүнөн 2021-жылдын октябрында өрт чыгып, имараттын ичи толугу менен күйүп, сырткы бөлүгү гана сакталып калган. Эмеректер, архивдик документтер, иш кагаздар да толугу менен күйгөн. Тилсиз жоодон 5,5 млн сомдой зыян келтирилген.

Бюджеттен 14 млн сом бөлүнүп, заманбап имарат курулду. Айыл өкмөттө жарандар үчүн бирдиктүү терезе дагы ишке кирип, документ иштеринин баарын бир жерден бүткөрүүгө шарт түзүлдү.

Атайын кызматтан айыл өкмөттүн имаратын оңдоо иштери УКМК төрагасынын көзөмөлүнүн астында жүргүзүлгөндүгүн кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий