• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Сузак районунда эки күрөш залы ачылды – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Бүгүн Сузак районуна караштуу Багыш жана Көк-Арт айыл өкмөттөрүндө 2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Мекенин коргоп курман болгон жоокерлер Нурислам Карыбеков жана Даниэлбек Малашовтордун жаркын элесине арналган эки күрөш залынын ачылыш аземи өттү.

Күрөш залдарынын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Ошондой эле иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары жана курман болгон Мекен сакчыларынын жакындары катышты.

Нурислам Карыбеков Сузак районундагы Багыш айыл аймагына караштуу Октябрь айлынында туулган. Баткен облусунун Лейлек районунда "Бөрү" отрядында кызмат өтөгөн.

Даниэл Малашов Сузак районунун Кара-Чолок айылында туулган. Үй-бүлөнүн жалгыз уулу болгон.

Камчыбек Ташиев өз сөзүндө Мекендин чегинен каршы жылбай, жанын аябай коргоп курман болгон аскерлер, жоокрелер эч качан унутулбай турганын белгиледи.

"Алардын аттары Кыргызстан тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды. Бул маркум жоокерлерибизди тарбиялап, өстүргөн ата-энелерине башымды ийип таазим кыламын. Жакындары, айылдаштары, бүткүл Кыргызстан эли мындай патриот уулдары менен сыймыктанат", - деди ал.

Ошондой эле Ташиев Бишкек шаарында кыргыз-тажик чек арасында курман болгон аскерлер үчүн атайын эстелик тургузулаарын кошумчалады.

Белгиленгендей, жаңы ачылган спорткомплекстерде заманбап шарттар камтыган. Машыгуу үчүн керектүү бардык шаймандары бар.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта, Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстандан 62 адам, анын ичинде 50 аскер, 12 тургун каза болгон. Ошондой эле 205 адам, анын ичинде 151 аскер кызматкери, 54 турган жараат алган.

Пикир

Оставить комментарий