Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Сузак районунда сарай өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 14-сентябрь күнү саат 11:47 чамасында Жалал-Абад облусунда Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагындагы Доскана айылында жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 132 чарчы метр чатыры жана 1800 түк чөп күйгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда.
Пикир
Оставить комментарий