• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Сузак районунун Чокмор айылында 3 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдү

Аймак 0

Бишкек, 29.08.24. /Кабар/. Бүгүн Сузак районунун Чокмор айылынын асфальт төшөлгөн негизги жолунун ачылышы өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айылдын жашоочулары катышты.

Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, айыл элине өлкөдө жасалып жаткан негизги саясий жана экономикалык багыттар, жыйынтыктар тууралуу кыскача маалымат берди.

Аталган айылда 3 миңге жакын адам жашайт. Жаңыдан асфальт төшөлгөн жолдун узундугу 3 чакырымдан ашык аралыкты түзөт. Учурда негизги жолго асфальт төшөө иштери бүткөрүлүа, троутарларды, суу арыктарын куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Бул жолго асфальт төшөө иши Камчыбек Ташиевдин жеке өзү жана үй бүлөсү тарабынан каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий