• 87
  • 90.41
  • 0.84

Сузак районунун калкынын 89,1 пайызы таза суу менен камсыз болду

Аймак 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/.Сузак районунун калкынын 89,1 пайызы таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу райондун жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылды.

Өмөттүн Жалал-Абад облусунунөкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйынга облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, район акими Төрөгелди Түркбаев, айыл өкмөт жана меке-ишканалардын жетекчилери катышты.

“Өткөн жылы Сузак районунда 21 млн 948 миң сомдук таза суу долбоору ишке ашырылган. Анын 7 млн 567 миң сому жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Калган сумма тургундардын жана донордук уюмдар тарабынан берилген. Жалпы узундугу 32,9 км аралыкка түтүктөр жаткырылып, 13 суу скважина капиталдык ремонттон өтүп, экөө жаңыдан ишке берилген. Район боюнча республикалык дем берүүчү грантка жазылган 7 долбоор жактырылган. Анын суммасы 19 млн 976 миң 600 сом болуп, басымдуу социалдык объекттерге жумшалган”,- деп айтылат маалыматта.

Аймакта пандемиянын кесепетинен бир катар тармактардын өсүү ыргагы артта калган. Алсак, район боюнча регионалдык дүң продукциянын көлөмү 14 млрд 537 млн 937 миң сомду түзгөн. Бул жалпы эсептин 88,8 пайызын ээлеген. Ал эми өнөр жай, кызмат көрсөтүү, товар жүгүртүү жана курулуш жаатындагы жумуштар солгундаган. Экономикалык өсүштөр айыл чарбасында 103,2 пайызды камсыздаган.

Райондо жыл ичинде 5 миң 366 жумуш орундары түзүлгөн. 4 жаңы ишкана ачылган. Өткөн жылы 1 миң 283 үй-бүлө жакырчылыктан чыгарылып, 218 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алынып берилген.

Жыл жыйынтыгын уккан облус башчысы райондун социалдык маселелери арбын экенин белгиледи. 2021-жылы бардык тармактардагы иштин аткарылышы көзөмөлгө алынарын айтып, ийгилик каалады.

Коллегияда кызмат көрсөткөн алдыңкы тармактар жана кызматкерлер сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий