• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Прокуратура тарабынан Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы К.М., кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал жер мыйзамдарын бузуу менен жасалма документтерди колдонуп, сугат айдоо категориясына кирген жер тилкелерин өзүнө тийиштүү болгон адамдарга жеке менчик турак жай куруу үчүн токтом чыгарып, андан соң жогорудагы жер тилкелер үчүнчү жактарга сатып жибергендиги аныкталган.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий