• 87
  • 90.44
  • 0.86

Сузак РИИБдин жаңы имараты пайдаланууга берилди – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 24.11.24. /Кабар/. Бүгүн Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди.

УКМКдан маалымдашкандай, жаңыланган имараттын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министринин орун басары, ардагерлери жана өздүк курамы катышты.

Камчыбек Ташиев укук коргоо органдары элдин коргоочусу катары сый-урматка татыктуу болушу керектигин айтты.

"Ал үчүн мыйзамды сыйлап, тартиптүү болушуңар кажет. Ошондо башка жарандарыбыз дагы сиздерди сыйлап, үлгү алып, мыйзамды сыйлайт. Урматтуу президентибиз Садыр Жапаров өлкөбүздөгү бардык район-шаарлардагы милиция бөлүмдөрүнүн имараттарын жаңылап, тийиштүү материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылуу тапшырмасын койгон жана биз муну кыска аралыкта аткарабыз. Сиздер өз милдетиңерди таза, берилгендик менен аткаргыла, кылмышкерлер менен татыктуу күрөшкүлө, калган шарттарды мамлекетибиз түзүп берет”, – деди Камчыбек Ташиев.

Сузак райондук милициясынын жаңы административдик имаратында спорт зал, ашкана, унаа токтотуучу жай жана башка тийиштүү заманбап шарттар түзүлдү. Мындан сырткары, райондук бөлүмдүн алдына жарандар үчүн аллея да курулду.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун Сузак райондук милициясына белек кылган 5 даана жаңы автоунаанын ачкычын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий