• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Сузактагы саясий өнөктүккө шайлоо комиссияларынын миңден ашык мүчөлөрү катышууда

Аймак 0

Бишкек, 22.09.24./Кабар/. №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке депутатты шайлоого бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын миңден ашык мүчөлөрү катышууда.

БШКдан билдиришкендей, анда Борбордук шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсү, Сузак райондук шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсү, 81 участкалык шайлоо комиссияларынын 1004 мүчөсү иштеп жатат.

Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү мыйзам чегинде шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча зарыл билимге жана көндүмгө ээ. Алар шайлоо участогуна келген ар бир шайлоочуга колдоо көрсөтүп, жардам көрсөтүүгө даяр.

Шайлоо участкалары бардык зарыл болгон добуш берүү жабдуулары жана маалыматтык материалдар менен жабдылган.

"Шайлоо комиссиялары ар бир шайлоочуну шайлоого активдүү катышууга чакырат. Жарандык мамилеңизди көрсөтүңүз - добуш бериңиз! Өз округуңуздан өлкөнүн парламентине татыктуу депутатты тандаңыз. Сиздин добушуңуз маанилүү", - деп белгилешти Боршайкомдон.

Шайлоо тилкелери кечки саат 20:00гө чейин добуш берүү үчүн ачык болот.

Пикир

Оставить комментарий