Сузакта 9 жыл мурда жасалган адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды

Коом 0


Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Сузак районунда 9 жыл мурда жасалган адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 3-сентябрында Сузак районунун Кыр-Жол айылынын тургуну 1971-жылы туулган М.К.А.нын зомбулуктун белгилери менен сөөгү табылган.

Бул фактынын негизинде Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бирок, бул кылмыштын бетин ачууда ички иштер башкармалыгы тарабынан сегиз жылдан ашык убакыттан бери жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларында конкреттүү жыйынтык болгон эмес.

Бул ишке байланышту өлтүрүлгөн М.К.А.нын жакын туугандары УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кылмышкерлерди аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

УКМК комплектүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө бул киши өлтүрүүнү жасаган адам аныкталып, ал маркумдун айылдашы, 1989-жылы туулган К.А.А. аттуу КР жараны аныкталып, мас абалында жана жеке кастыктын негизинде М.К.А.ны өлтүргөндүгүн мойнуна алган.

Кармалган шектүү УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, учурда кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий