• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сузакта денеге оор залал келтирип, издөөдө жүргөн УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Сузак милициясы денеге оор залал келтиргени үчүн издөөдө жүргөн жаранды кармады, деп билдирет Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы 18-октябрда Сузак районунун 47 жаштагы тургуну Д.К. ушул эле райондун 1955-жылы туулган тургуну Ж.М.ди уруп, денесине оор залал келтирген.

Жогорудагы окуя боюнча Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Сузак районунун 67 жаштагы тургуну Ж.М.нын арызынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине ("Ден соолукка оор залал келтирүү") ылайык кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш ишинин алкагында 3-январда шектүүгө карата издөө жарыяланып, издөө иштери башталган.

Сузак РИИБдин жана ИИМдин 7-Башкы Башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында үстүбүздөгү жылы 17-январда Сузак районунун 1975-жылы туулган тургуну (мурда ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган) Д.К. кармалып, райондун убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий