Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Сузакта эрте никеге туруунун алдын алууга багытталган жыйын болуп өттү, - деп билдират Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, жыйынга Жалал-Абад ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Алмазбек Жусупов, Сузак районундагы айыл өкмөт башчылары, имамдар жана мектеп директорлору катышты.
Алгач эрте никеге туруу фактылары боюнча статистикалык маалыматтар берилип, атайын даярдалган видеоролик көрсөтүлдү. Андан соң Сузак РИИБдин жетекчилиги тарабынан доклад окулуп, эрте никеге туруу багытында мыйзамда каралган жоопкерчиликтерди айтып өттү. Коомчулуктагы бул жат көрүнүштүн алдын алууда бардык тиешелүү кызматтар биргеликте иш алып баруу зарылдыгы белгиленип, бир топ суроо-жооптор болуп, сунуштар айтылды.
Жер-жерлерде профилактикалык иштерди жүргүзүп, ата-энелерге жана жогорку класстардын окуучуларына эрте никеге туруунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүп, ишке ашырууну колго алышты.
Белгилей кетсек, облус аймагында 2021-жылдын төрт айында эрте никеге турууну 31 учуру катталган болсо, бул жылы 28 учур катталган.
Пикир
Оставить комментарий