Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Калмак-Кырчын айылындагы Канжыра дарыясына кичинекей бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Ведомстводон учурда баланын аты-жөнү такталып жаткандыгын айтышты.
Жерине саат 12:45те министрликтен Жалал-Абад шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмунөн 5 кызматкер тартылган. Издөө иштери улантылууда.
Пикир
Оставить комментарий