• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Сузакта саат 12:00гө карата 7 миңдей шайлоочу добуш берди

Коом 0

Бишкек, 22.09.24. /Кабар/. Бүгүн №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө.

Боршайкомдун сайтындагы маалыматка ылайык, саат 12:00гө карата 6 828 шайлоочу (5,49%) добуш берди.

Белгилей кетсек, округда шайлоочулардын саны 124 миң 429ду түзөт, анын ичинен 62 миң 373ү эркектер (50,13%) жана 62 миң 56сы аялдар (49,87%).

Жалпы 81 шайлоо тилкеси ачылды.

Саясий өнөктүктө мандат үчүн 7 талапкер ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий