Сузакта сууга чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Сузакта сууга чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Комсомол айылында 2004-жылы туулган бала Кемпир-Абад каналына жуунуп жатып сууга агып кеткен.

Саат 17:21 чамасында куткаруучулар тарабынан баланын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий