• 87
  • 90.41
  • 0.84

Сузакта тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында көчмө лабораториялык унаа иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Сузак районунда тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында көчмө лабораториялык унаа иштей баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ветеринардык-санитардык экспертизалык лаборатория автоунаасы "СузакВетЛаб" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 2 млн 800 миң сомго сатып алынган.

Эми аймактагы соода жайларында жана базарга чыккан эт, сүт азыктарын, жашылча жер-жемиштердин курамын жана коопсуздугун жеринде аныктоо мүмкүнчүлүгү жаралды.

Бүгүн кызмат көрсөтүүчү атайын техника боюнча маалымат берилип, ага облус башчысы Абсаттар Сыргабаев катышты.

Өкүл азыркы учурда жарандардын тамак-аш коопсуздугун сактоо актуалдуу маселе экенин айтып, мында жаңы көчмө лаборатортялык автонуаанын жардамы чоң болоорун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий