• 85.5
  • 93.05
  • 0.87

Сузакта "Урумбаш" көмөк чордонуна темир-бетон мамылары орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 16.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Сузак районунун Канжыга айылында эскилиги жеткен 87 даана жыгач мамыларды темир-бетон мамыга алмаштырылды.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Көк-Арт райондук электр тармактары 110/35/10 "Урумбаш" көмөк чордонунан чыккан "Кызыл- Суу" фидеринен Канжыга айылына чейин 10 кВ 74 даана темир- бетон мамыча орнотуп, 2,2 чакырым аба чубалгы, ал эми 0,4 кВ 13 даана мамыча орнотуп, 400 метр СИП чубалгысын тартышты.

Эски жыгач мамычалар 1984-жылдары курулуп, аба чубалгылар токой аралап өткөндүктөн, кышында кар көп жааган учурларда же болбосо бороон-чапкын болгондо электр жарыгы өчүп, бир топ ыңгайсыздык жаратчу.

Буга чейин энергетиктер автоунаа бара албагандыктан үзүлгөн зымдарды жөө-жалаңдап, токой аралап карап чыгып, калыбына келтиришчү.

Маалымат үчүн: Канжыга айылы Сузак районунун борборунан 83 чакырым аралыкта жайгашкан. Кышы оор келип, жайы салкын бул айылда 120 кожолук жашайт.

Пикир

Оставить комментарий