• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Сузакта уурдалып, Өзбекстандын аймагына өткөрүлүп кеткен жылкылар кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 26.05.23./Кабар/. Кыргызстандын аймагынан уурдалып, Өзбекстанга өткөрүлүп кеткен жылкылар кайтарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө Барпы жана Атабеков айыл аймактарынын 4 тургуну арыз менен кайрылышып, 5-апрелден 16-майга чейинки аралыкта жылкы жана бодо малдарын жоготушканын билдиришкен. Натыйжада арыз ээлерине 645 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аталган фактылар Сузак РИИБдин Тергөө кызматына КР Кылмыш-жаза кодексинин "Уурдоо" беренеси катталып, кылмыш иши козголгон.

Сузак районунун аймагында өтүп жаткан "Эктремист" аталышындагы иш-чара учурунда жогорудагы кылмыш иштеринин бети ачылды. Ошентип, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш иштерине шектүү катары Сузак районунун тургундары 1982-жылы туулган Ж.А., 1993-жылы туулган М.А., 1997-жылы туулган Э.Ф. жана Аксы районунун тургуну 1991-жылы туулган А.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүүлөр уурдалган 2 жылкыны коӊшу Өзбекстанга өткөрүп жибергендиги аныкталып, Сузак РИИБдин Кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн сүйлөшүү иштеринин натыйжасында жылкылар кайтарылып, ээлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий