Сузактагы кырсык. Бишкекте дарыланып жаткан он баланын алтоосу ооруканадан чыгарылды

Ден соолук 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Сузактагы кырсыктан жаракат алып Бишкекте дарыланып жаткан он баланын алтоосу ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.

Дарыгердин айтымында, үйүнө чыгарылган бейтаптардын абалы канааттандырарлык.

“Учурда ооруканада төрт бала дарылануусун улантууда. Аларды дагы ушул жуманын аягына чейин үйүнө чыгарууну пландап жатабыз”, - деди Акылбек Маманов.

Башкы дарыгер белгилегендей, Бишкек шаардык балдар ооруканасына жаткырылган он баланын төртөөнө операция жасалган. Бирөөсү башынан, эки бала ээгинен жана бир бейтап бутунан операция болгон.

Эскерте кетсек, 2-майда саат 11:30дар чамасында Сузак районунун Катмы эс алуучу жайында Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 бала ар кандай жаракат алган. Алардын ичинен абалы оор болгон 10 бала Бишкек шаарына алынып келип, төртөө жанданыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий