• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Сузактын Миң-Өрүк айылындагы мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Миң-Өрүк айылындагы №6 Т.Темирбаев атындагы мектеп-гимназияда капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, мектепти толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иши 2024-жылдын июнь айында башталган. Оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Мектеп-гимназия 1976-жылы пайдаланууга берилген, 650 орундуу, учурда 3-кабаттуу окуу корпусу, спорттук залы, актовый залы, ашканасы, өтмө галереясы оңдолуп бүттү, учурда сырткы фасад боюнча жумуштар жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Окуу жылдын башталышына карата толук бүткөрүү пландалууда.

Мектепте 2023-2024-окуу жылдары 1057 окуучу билим алган.

Пикир

Оставить комментарий