• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Сузактын Жерге-Тал айылында социалдык шаарчанын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 17.09.24. /Кабар/. Күн мурун Сузак районунун Жерге-Тал айылында 16 үй-бүлөгө ылайыкташкан "Бахрэйн-3" социалдык шаарчасынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Капсула салуу иш-чарасына президенттин өкүлү Тилек Текебаев, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров, Кувейт мамлекетинин "Ассанабил" жана "Koof" кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү жана жергиликтүү айыл тургундары катышты.

Облус башчысы муктаж үй-бүлөлөрдүн түйшүгүн жеңилдетүү максатындагы демилгени ишке ашырууга жакындан көмөктөшүп жаткан карймдуулук фонддорго ыраазычылык билдирди.

Өкүл алдыда шаарчанын жашоочуларынын турак жайга болгон муктаждыгы гана чечилбестен, 150 орундуу мектеп, 50 орундуу бала бакча менен камсыздаларын, ага катар мечит, ФАП жана дүкөн куруларын кошумчалады.

"Бахрэйн-3" социалдык шаарчасынын курулушуна жергиликтүү бийлик беш гектар жер аянтын ажыратып берген. Мындан сырткары, жол, таза суу, электр энергиясы менен камсыздоо сыяктуу курулуштун 30 пайызын аткарат.

Пикир

Оставить комментарий