• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Свердлов акимчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.08.24./Кабар/. Свердлов акимчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Айбек Жолдошев Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басары кызматын Айтакунов Кубанычбек Маратбекович ээлеп келген.

Пикир

Оставить комментарий