• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Төө-Ашууга кар жаады

Аймак 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусуна кар жаады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, №9 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан атайын техниканын жардамы менен жолду тазалоо, тайгакка каршы кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү.

Учурда күн ачылууда. Каттам үчүн тоскоолдук жок. Жеринде нөөмөт бар. Алар атайын техника менен камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий