Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында инерттүү материалдарды чачуу жана жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат.
Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги билдиргинин басма сөз кызматы билдиргендей, 20-апрелден 21-апрелге караган түнү ашууларга кар жааган. Кардын калыңдыгы 10-15 см түзөт.
“№9 жана 23 жол-эксплуатация башкармалгынын кызматкерлери жолдорго инерттүү материалдарды чачып, кардан тазалап жатышат, Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында транспорт каражаттарынын коопсуз жүрүүсү үчүн бардык зарыл техникалар тартылган”,-деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий