Төө-Ашуудагы тоннель быйыл оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт – Тилек Текебаев

Аймак 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Төө-Ашуудагы Көлбаев атындагы тоннель быйыл оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Министр ушул маселе боюнча абдан көп суроолор болуп жаткандыгын билдирди. "Төө-Ашууда аба ырайы суугурак экенин билесиздер. Күндүн жылышы менен тоннелдин ичине жаңы асфальт төшөлүп, жарыктары алмаштырылып, жана башка оңдоп-түзөө иштери иштери болот. Жолду салганга жараша, сапаттуу салалы. Антпесек, кайра эле убара болобуз. Төө-Ашууда каттам да көп, андыктан ишти дыкат аткарууга тапшырма бергем", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий