• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Төө ашуудагы туннелде кайрадан бузулуп калган унаа чыгарылды — ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында К.Көлбаев атындагы туннелдин ичинде Honda Inspire үлгүсүндөгү унаа бузулуп калган.

ӨКМден билдиришкендей, жеринде нөөмөттө турган куткаруу тобу тартылып, унааны сүйрөтүп чыгарып беришкен. Жабыркагандар жок.

Эскерте кетсек, К.Көлбаев атындагы туннелде жеңил унаа өрттөнүп, электр кабелдери күйүп кеткен. Мындан улам оңдоо иштерине байланыштуу Төө-Ашуудагы туннель мезгил-мезгили менен жабылууда.

Пикир

Оставить комментарий