Төлөйкан айылындагы бала бакчанын курулушу дээрлик аяктап калды

Коом 0

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы 60 орундуу бала бакчанын курулушу үстүбүздөгү жылы бүткөрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Белгиленгендей, бала бакчанын курулушу 2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Имараттын аянты 571 чарчы метрди түзөт. Имарат эки кабаттуу, спорттук оюн аянтчасы, суу кампасы, откана көмүр сактоочу жайы менен каралган. Азыркы учурда айланасын көрктөндүрүү ишетри жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий