• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Төмөнкү Ала-Арча айылындагы 26 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелгендер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Төмөнкү Ала-Арча айылындагы 26 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

26 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип 31 жаштагы Б.Ж., анын айдоочусу 28 жаштагы О.А. жана айдоочунун досу 31 жаштагы К.Ч. кармалган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмыш аялынын күйөөсүнө болгон кызганычынан улам жасалып, ал аял өзүнүн айдоочусуна жана анын досуна күйөөсү мамиле куруп жүргөн кызды өлтүрүүгө буйрутма берген.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Эскерте кетсек, 26-сентябрь күнү милицияга Чүй облусунун Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн бирине каракчылык болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Үйгө киргендер 62 жаштагы эркек кишини жана анын 26 жаштагы кызын жарадар кылган. Кийинчерээк 26 жаштагы кыз каза болгон.

Ал факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөөнүн жыйынтыктары тууралуу кошумча маалымат кийинчерээк берилет.

Пикир

Оставить комментарий