• 87
  • 90.41
  • 0.84

Түндүк айланма жолу оңдолуп, кеңейтилет. Мыйзамсыз объектилерди бузуу иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Бишкектин Алма-Ата көчөсүнөн Курманалиев көчөсүнө чейинки түндүк айланма жолдун боюндагы уруксатсыз орнотулган курулуштар демонтаждалууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, демонтаждоо иштери түндүк айланма жолду реконструкциялоо жана кеңейтүүнү пландоо иштеринин алкагында жүргүзүлүүдө.

Жеңил объектилер, ошондой эле 40 бирдик капиталдык курулуш алынууда. Бул объектилер тиешелүү уруксат документтери жок жайгашып, жерди пайдалануу эрежелерин бузууда.

Белгиленгендей, буга чейин объектилердин ээлерине өз ыктыяры менен түрттүрүү зарылдыгы тууралуу билдирүүлөр жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий