• 87
  • 90.63
  • 0.79

“Түндүк электр” ААК эскирген атайын техника паркын жаңылоодо

Коом 0

Бишкек, 21.11.17 /Кабар/. “Түндүк электр” ААК электр куроочулардын оперативдүү-чыгуу бригадаларына ГАЗ-3309 маркасындагы 14 жаңы автоунаа сатып алды. Бул автоунаалар райондук электр тармактарынын (РЭТ) автопаркынын негизги бөлүктөрүнүн бири болуп саналып, бөлүштүрүү тармактардын электр куроочулар бригадасын оңдоо иштери жургүзүлүүчү жерге алып барганга каралган. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы бригадалык автоунаалар энергиядан толугу менен көзкарандысыз, жылуулукту сактайт жана автономдук жылыткыч менен камсыздалган. Бул электр куроочулардын кыш мезгилинде иштегенине жакшы шарт түзүп берет. Бригадалык автоунаанын фургону тешиксиз туюк тосмо менен экиге бөлүнүп, бирөөсү бригаданы алып жүргүүгө каралган. Анын ичинде коопсуздук куру менен ыңгайланыштырылган отургучтар жана бүктөлмө стол орнотулган. Автоунаанын экинчи бөлугү материалдарды жана жабдууларды алып жүрүүгө бөлүнгөн.

Алынган заманбап атайын техникасы эксплуатациялоо жана оңдоп тейлөөнү оперативдүү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Мисалга, борбор калаада күнүнө аварияларды жокко чыгаруу менен ар бир электр тармактарда күнү-түнү төрт электр куроочулар бригадалары иштешет. Быйылкы жылдын соңуна чейин электр куроочулар бригадаларына дагы эки ушундай автоунаалары сатып алынат.

Ошондой эле, быйылкы жылы “Түндүк электр” ААК жебеси 18 метрге көтөрүлүүчү жана бурулуу бурчу 360° түзгөн төрт телескоптук автогидрокөтөргүчтөрдү сатып алган.

Жылына РЭТтерде аба электр чубалгыларынын боюндагы бактардын бутактарын тазалоо, зымдарды монтаждоо жана кайра тартуу, жабыркаган изоляторлорду алмаштыруу учурларында жана башка бийиктикте жүргүзүлүүчү иштеринде атайын техниканын жетишсиздиги байкалат.

Мындан мурдараак, РЭТтерге электр жабдууларды жүктөө-түшүрүү үчүн төрт кран-манипулятор сатып алынган. Жылдын аягына чейин дагы сегиз кран-манипулятордун, бир даана жарым прицептүү тягач сатып алынышы күтүлүүдө. Бул электр куроочуларга аварияларды жокко чыгарууда ыкчам жана эффективдүү иш алып барууга мумкүнчүлүк берет. Жарым прицептүү тягачтын жардамы менен Чүй жана Талас облустарынын РЭТтерине аба чубалгыларынын темирбетон тирөөчтөрү жеткирилип турат.

“Түндүк электр” ААКнын автопаркы Минск трактор заводунун эки «Амкодор» экскаватору менен толукталган. Өзүн жакшы жагынан тааныткан белорусстук техника кабель кызматынын электр куроочоулары арасында ишенимге ээ: ал кабель чубалгысындагы жаракаттарды кетирүүдө алмаштыргыс.

Эскирген автопаркты жаңылоонун чегинде “Түндүк электр” ААК электр жабдууларды өлчөө, чыңалуудан коргоо жана сыноо өндүрүштүк кызматын жаңы электр техникалык лабораториясы менен камсыздады. Баасы алты миллион сомго барабар болгон жаңы электр техникалык лаборатоиясы заманбап приборлору менен жабдылып 35/10 кВ көмөкчордондорун диагностикалайт.

Учурда келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө компания жетекчилиги райондук электр тармактардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнжакшыртууга өзгөчө көңүл бурууда. “Түндүк электр” ААКнын башкы директорунун техникалык маселелер боюнча биринчи орун басары Дайыров Темиркул Айтмырзаевичтин айтымында, өндүрүш кызматтары муктаж болгон жабдуулар менен камсыздалбаса, ишенимдүү электр энергия менен камсыздоо, электр энергиянын авариялык өчүрүүлөрүн оперативдүү жокко чыгаруу мүмкүн эмес.

Бөлүштүрүү компания акырындыктан эскирген техника паркын алмаштыруу менен бардык өндүрүш кызматтарды муктаж болгон атайын техника менен камсыз кылууну пландоодо.

Жалпысынан эскирген автопаркты жаңылоонун чегинде 2017-жылы “Түндүк электр” ААК 100 млн. сомдон ашуун каржыга атайын техникадан 36 даана сатып алган

Пикир

Оставить комментарий