Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. "Түндүк электр" ААКнын Талас филиалы күз-кыш мезгилине кызуу даярдык көрүүдө. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Бакай-Ата РЭТинин электр куроочулары Ак-Дөбө участогунда трансформатордук көмөк чордонду техникалык жактан тейлөө иштерин жасашууда.
"Аткарылып жаткан иштердин баары керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында жасалууда", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий