• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

"Түндүк электрдин" кызматкерлери окуучуларга электр тогунун кооптулугу тууралуу айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. Сентябрь айында “Түндүк электр” ААКнын райондук электр тармактарынын адистери Бишкек шаары жана Чүй, Талас облустарындагы окуучуларга дагы бир ирет электр тогунун кооптулугу тууралуу эскертишти. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жылда май жана сентябрь айларында акционердик коом тарабынан өткөрүлгөн балдардын электр жаракаттарынын алдын алуу боюнча айлыгынын алкагында энергетиктер райондук элдик билим берүү бөлүмдөрүнө, жалпы билим берүү мекемелерине профилактикалык-түшүндүрмө иштерин өткөрүүгө жардам көрсөтүү үчүн кайрылышкан.

"Талкууларга “Түндүк электр” ААК энергетиктери электр жабдуулар менен колдонуунун негизги эрежелери, электр жабдууларынын жанына жакындоо коркунучтары тууралуу маалыматтарды жана “Электр жабдууларын туура колдонуу жана электр жабдууларына жакындоонун натыйжалары” тууралуу көрсөтмөлүү материалдарды даярдашты", - деп айтылат маалыматта.

Окуучулар менен жолугушуулардан сырткары, энергетиктер электр жабдууларга жакындоо кооптуу экенин калкка райондук басылмаларынан да эскертти.

Пикир

Оставить комментарий