• 87
  • 90.41
  • 0.84

Түндүк Корея бир жумада экинчи жолу ракетасын сынады

Дүйнө 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. 31-августта Түндүк Корея жакынкы аралыктагы эки ракетасын кое берди. Бир жума мурун эле өлкө бул куралын сыноодон өткөргөн болчу.

Түштүк Корея аскерлери эки снаряд тең максималдуу бийиктикте 250 чакырымга учканын билдиришти. Түштүк Корея бийлиги Пхеньянды сыноолорду токтотууга чакырды.

Түндүк Корея өз кезегинде АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен машыгууларын сындап келет. Кезектеги иш-чара август айында өтөт. Пхеньян аны “кол салууга даярдык” деп атоодо.

Июнда АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын бейтарап зонада жолугушкан. Трамп Түндүк Кореянын аймагына кирип, андан соң экөө Түштүк Кореянын “Эркиндик үйүнө” барышкан.

Ага чейин Ким менен Трамптын 2019-жылы Ханой шаарында өткөн жолугушуусу ийгиликсиз аяктаган.

Трамптын версиясы боюнча Ким Чен Ын Түндүк Кореяга салынган бардык америкалык санкцияларды алып таштоону сураган. Буга жооп иретинде Пхеньян Йонбендеги өзөктүк полигонун бузмак, бирок АКШны бул сунуш канааттандырган эмес. Вьетнамдагы саммиттен бир нече ай өткөн соң айрым басылмалар Түндүк Корея өзөктүк полигондорунун бирин жандандырган болушу мүмкүн экенин жазышты.

Пикир

Оставить комментарий