• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

“Түндүк” системасына 98 мамлекеттик жана жеке мекеме-ишкана туташып, маалымат алмашууда − Догоев

Коом 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. “Түндүк” системасына 98 мамлекеттик жана жеке мекеме-ишкана туташып, электрондук түрдө маалымат алмашууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан электрондук сервистердин саны 590ду түздү.

“4,5 айдын ичинде транзакциялардын көлөмү 34 миллионду түздү. 2018-2019-жылдары жалпы транзациялардын көлөмү 38 миллион болгон. Эң активдүү органдарды атап кетсем, Мамлекеттик каттоо кызматы, Ички иштер министрлиги, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ж.б. Популярдуу сервистердин ичине паспорт маалыматтары, укук бузуулардын бирдиктүү реестри, унаа каражаты боюнча маалыматтар жана “Коопсуз шаар” долбоорунун маалыматтары кирди”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий