• 87
  • 90.59
  • 0.86

"Түндүк" системасын колдонуучулардын саны 2 миллиондон ашты – Аманатов

Коом 0

Бишкек, 27.12.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Узап бараткан жылы "Түндүк" системасынын колдонуучуларынын саны 2 миллиондон ашты. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин директору Чыңгыз Аманатов радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Tunduk тиркемеси аркылуу бир катар документтерди экинчи ирет онлайн алууга шарт түзүлдү. Эми жарандар никени каттатуу жана бузуу, аты-жөнүн өзгөртүү боюнча күбөлүктү, ошондой эле өлгөндүгү боюнча маалымкатты аралыктан ала алышат.

"2024-жылы тиркемеге 15 жаңы кызмат кошулду. Бүгүнкү күндө ар бир киргизилген кызмат жакшы иштеп жатат. Эң негизги кызматтардын бири жарандарыбыз жашаган жери боюнча каттоосун онлайн текшере алышат.

Мындан сырткары, үч санариптик документтерди чыгардык. Азыркы учурда "Түндүк" системасынын колдонуучуларынын саны 2 миллиондон ашты. Бул абдан жакшы көрсөткүч”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий