Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата-Мекен” парламенттик фракциясынын сунушу менен “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, колдоо тапты.
Комиссиянын курамына төмөндөгү депутаттар кирди:
- Саматбек Ибраев (КСДП);
- Максатбек Эгембердиев (КСДП);
- Марлен Маматалиев (“Республика-Ата-Журт”);
- Акыл Кемелов (“Республика-Ата-Журт”);
- Султанбек Анарбаев (“Кыргызстан”);
- Улугбек Садиков (“Кыргызстан”);
- Уланбек Исмаилов (“Өнүгүү-Прогресс”);
- Мейкинбек Абдалиев (“Өнүгүү-Прогресс”);
- Аманкул Токтомамбетов (“Бир Бол”);
- Нурбек Мурашев (“Бир Бол”);
- Бурул Аманова (“Ата-Мекен”);
- Абдылдаев Шералы (“Ата-Мекен”).
Пикир
Оставить комментарий