• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун Арал - Казарман тилкесинде таш кулады. Жол убактылуу жабык

Аймак 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал - Казарман тилкесинде эки жерден таш кулап, жол убактылуу жабылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Арал - Казарман тилкесинин 270-271-чакырым аралыгына жаандан улам тоо бетинен таштар кулап, жолду жаап калган. Жолго түшкөн таштын көлөмү болжол менен 3 миң куб метрди түздү.

Ошондой эле Арал - Казарман участогунун 243-296-чакырым аралыгында дагы таш көчкү түшүп, автожол убактылуу жабык. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Жолдун ачылышы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий