• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Түндүк" тиркемесинде "Пенсиялык күбөлүк" санарип документи жеткиликтүү болду

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Эми "Түндүк" мобилдик тиркемесинде жаңы "Пенсиялык күбөлүк" санариптик документи жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Пенсиялык күбөлүк" жаңы санариптик документи кагаз түрүндөгү документ менен бирдей юридикалык күчкө ээ жана санарип документти мамлекеттик органдарга көрсөтүү талап кылынган бардык учурларда колдонсо болот. Киргизилип жаткан жаңы санариптик технологиялар жаранга бардык керектүү документтерди өзүнүн смартфонунда кармоого мүмкүндүк берет.

Санариптик документти колдонуу үчүн жаран төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:

- "Түндүк" мобилдик тиркемесин AppStore же PlayMarketтен жүктөө;
- булуттук электрондук кол тамганы колдонуу менен мобилдик тиркемеге кирүү;
- тиркемеде "Санариптик документтер" бөлүмүнө өтүп, бул документтин санарип формасын колдонуңуз.

Пенсиялык күбөлүк сыяктуу санариптик документтерди киргизүү жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарды алуу процессин бир топ жеңилдетет. Бул инновация бардык керектүү документтерди санариптик түрдө түздөн-түз смартфонуңузда сактоого мүмкүндүк берип, жеткиликтүүлүктү жана колдонуунун ыңгайлуулугун жакшыртат.

Пикир

Оставить комментарий