Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 30-октябрда "Түндүкэлектр" ААК ишканасынын кызматкерлери Улуттукэнергохолдингдин алдына митингге чыгышкан.
Алардын айтуусуна караганда, кызматтан алынган директор жакында эле дайындалган жана жумуш шартын жакшырта баштаган болчу.
Эске сала кетсек, 2020-жылдын 27-октябрында “Түндүкэлектр” ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен Доскул Бекмурзаев ишкананын башкы директору кызматынан бошотулуп, анын ордуна Улан Астаркулов дайындалган.
Пикир
Оставить комментарий