• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Түп айылындагы реконструкцияланып жаткан жолдун бир бөлүгү ачылды

Аймак 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Түп айылындагы реконструкцияланып жаткан жолдун бир бөлүгү ачылды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, төрт тилкеден турган узундугу 1,2 чакырымды түзгөн жолдун реконструкциялоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 72 млн сом бөлүнгөн. Курулуш иштери Каракол шаарынын муниципалдык жол тейлөө ишканасына жүктөлгөн. Бул жол тилкеси Ысык-Көл шакекче жолунун бир бөлүгү болуп эсептелет.

Учурда жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыздай турган тротуарларды төшөө иштери уланууда.

Ысык-Көл облусунун башчысы Уланбек Далиев Ананьево - Каракол унаа жолунун Түп айылындагы бөлүгүн реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, жол тилкесинин ачылышына күбө болду.

Ал анда бардык иштерди өз убагында бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн айтып, транспорт тармагын модернизациялоо аймакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий