Түп районунда 100 га кайрак айдоо жери мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Түп районунда мыйзамсыз жеке менчикке берилген 100 га кайрак айдоо жерлери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы проккуратурадан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Түп районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Түп райондук мамлекеттик администрациясынын мыйзамсыз токтомдорунун негизинде 100 га кайрак айдоо жерлери 4 дыйкан чарбасына жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Райондук прокуратура жогоруда аталган токтомдорду жана жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларын жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыздар менен кайрылып, жыйынтыгында толук канааттандырылган.

Натыйжада прокурордук чара көрүү актысынын негизинде 37 млн 995 миң сомду түзгөн жогорудагы 100 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий