• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Түп районунда 220 орундуу маданият үйүнүн курулушу аяктоодо

Коом 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Түп районунун Талды-Суу айылында 220 орундуу маданият үйүнүн курулушу аяктоодо. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, имараттын курулушу Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлүп жатат жана үстүбүздөгү жылы пайдаланууга тапшыруу пландалууда.

Белгиленгендей, объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2019-жылы башталган. Курулуш иштери дээрлик 85%га аяктап калды, учурда айланасын көрктөндурүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий