Түп районунда Токтогон Алтыбасарованын эстелиги жана Энелер аллеясы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Түп районунун Ак-Булуң айылында жүрөгүндө жүздөгөн наристелердин сүйүүсүн камтыган Токтогон Алтыбасаровага арналган эстеликтин жана Энелер аллеясы ачылды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн белгилешкендей, Токтогон Алтыбасарова 16 жашында эрдик жасап, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда блокададагы Ленинграддан Ысык-Көл облусуна эвакуацияланган 150 баланы багып, камкордукка алган. Бул эрдиктин, сүйүүнүн жана камкордуктун символу катары тарыхта түбөлүккө жазылып калды.

Салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Бактыбек Бекболотов, президенттин аймактагы өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү жана ошондой эле Санкт-Петербургдан келген коноктор катышып, Токтогон Алтыбасарованын эрдиктерин эскеришти.

Ак-Булуң айылында орнотулган эстелик Алтыбасарованын балдарын кармап турган образын чагылдырып, анын эң чоң курмандыгын жана энелик мээримин билдирет. Ал эми Энелер аллеясында ошол мезгилде эрдик көрсөткөн баатыр апаларга арналган тактайчалар орнотулду.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев өз сөзүндө Токтогон Алтыбасарова эң кыйын мезгилде жүздөгөн балдарды багып, укмуштай кайраттуулукту жана адамгерчиликти көрсөткөнүн белгиледи.

"Бул эстелик биздин терең ыраазычылыгыбыздын жана анын эрдигин таануунун белгиси. Анын үлгүсү кийинки муундарга дем берет деп ишенебиз",- деди Арпачиев.

Пикир

Оставить комментарий