• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Түп районунда Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имараты ачылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, анын ачылыш аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

60 орундуу медициналык мекеменин 2 кабаттуу имаратын курууга республикалык бюджеттен 88 млн сом бөлүнгөн. Имаратта хирургия, төрөт, балдар жана реанимация бөлүмдөрү жайгашат.

"Бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалган жаңы имараттын курулушу райондун тургундарына сапаттуу медициналык тейлөөгө жетүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Биз мындан ары да өлкөбүздүн ар бир жашоочусу керектүү медициналык кызматтарды эң жакшы шарттарда алышы үчүн иш алып барабы", - деп белгилеген Алымкадыр Бейшеналиев.

Пикир

Оставить комментарий