Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Түп районунда жайгашкан “Дружба” пансионатында көлгө 20 жаштагы жигит чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жерине куткаруучулар тартылып издөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжа болбогондуктан саат 21:50дө издөө иши убактылуу токтотулду.
14-июль күнү издөө иштери улантылат.
Пикир
Оставить комментарий